Түркиядан келген кыргыз куткаруучуларын кимдер, кантип тосуп алышты? (видео)
Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда издөө-куткаруу иштерин так аткарышкан куткаруучуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
“Манас” эл аралык аэропортунда куткаруучуларды Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган жана ӨКМдин өздүк курамы тосуп алды.
"Табигый кырсыктан жапа чеккен түрк элине жардам берүүгө 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, 5 боз үй тигүүчү болсо, калганы ӨКМдин куткаруучуларынан турат . Биздин куткаруучулар жер титирөө катталган аймакта жалпысынан 8 адамды уранды алдынан аман алып чыгып, 198 адамдын сөөгүн табышты", – деди министр.
Ал эми салтанатка катышкан элчи Түркияда аткарган кыргызстандыктардын жардамын баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.