Непалдын айрым аймактарында, анын ичинде борбор калаасы Катмандуда өтүп жаткан нааразычылык акцияларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарын, ошондой эле Непалда убактылуу жүргөн туристтерди жеке коопсуздукту камсыз кылуу максатында эл көп чогулган жерлерге барбоого жана ар кандай массалык иш-чараларга катышуудан баш тартууга чакырды.
Ошондой эле, Непалга сапар пландап жаткан жарандарга өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды эске алууну жана зарыл болбогон учурда сапарды убактылуу жылдырууну сунуштады.
Непалдын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук жана шашылыш байланыш маселелери боюнча кийинки «түз линиялары» иштейт: ТИМдин Консулдук департаменти +996 999 312 002 жана Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчилиги +91 92894 00944 (WhatsApp).











