Тышкы иштер министрлигинин кызматкеринин өлүмү. Маалыматты тараткан Елена Баялинова расмий жоопту күтүүгө чакырат

Саламаттыкты сактоо жаатындагы эксперт Елена Баялинова, социалдык тармактарда биринчи болуп Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматкери 39 жаштагы Бахтияр Шакиров COVID-19га каршы эмдөөдөн улам каза болгондугу жөнүндө кабарды жайылткан. Бирок учурда ал коомчулукту дүрбөлөңгө түшпөй, Саламаттыкты сактоо министрлигинен расмий тыянакты күтүүгө чакырып жатат.

Елена Баялинованын айтымы боюнча, маркум Бахтияр Шакиров коронавируска каршы вакцина алган эмес болушу мүмкүн. Бирок эмдөөдөн өтүшү да мүмкүн.

«Азыр маркумдун бардык туугандары, Каракол шаарында аны акыркы сапарга узатуу зыйнатында болгондуктан мен алардан маалыматты тактай албай жатам. Мен Шакировдун жакындарын абдан жакшы билем. Башында мага алар вакцина алып, каза болуп калды деп айтышкан. Бирок ал COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөнбү же башка дары болгонбу, туугандары анысын билишпей»,- деп түшүндүрдү Елена Баялинова.

Ошондой эле ал, бул иш боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги көңүл бурсун деп маалыматты жазганын айтты. Азыр мени мындай маалымат менен «хайп» кылган деп айыпташууда. Бирок Шакировдун каза болуп  калганы, бул факт да. Бирок ал эмнеден улам каза болду, ал башка маселе»,- деп кошумчалады Баялинова.

Белгилей кетсек, буга чейин, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда антибиотик сайгандан кийин каза болгон 39 жаштагы Бахтияр Шакировдун өлүмү тууралуу белгилүү болгон. Ал эми бүгүн Елена Баялинова, Шакиров 31-мартта COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгүн жана 19-мартта Кыргыз Республикасына 150 миң дозада келген China Biotekshnology Go LTD компаниясынан SinoPfarm вакцинасын биринчилерден болуп алгандыгын айтты. Учурда бул өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги комиссия түзгөн.