Тышкы карыздан кутулууга жардам берем деген ыктыярчыларга эсеп ачылды

Тышкы карыздан кутулууга ыктыярдуу түрдө акча каражатын которуу үчүн эсеп ачылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымат таратты.

Эсеп өкмөткө тышкы карызды төлөөдө жардам бергиси келген жарандардын кайрылуусунан улам ачылган. Процесстин ачык-айкын жүргүзүлүп жатканын камсыздоо максатында бардык маалымат министрликтин сайтында жарыяланып турат.

Садыр Жапаров журналисттерге берген маалымат жыйынында бул демилгени аймактарды кыдырып жүргөндө колго алганын, ал мигранттар менен ишкерлерге үмүт артып жатканын билдирген. “Каршы болгондорду эч ким кыйнабайт. Жиниңерди келтирбей эле койсоңор болот. Ар ким өзүнүн дити, каалоосу менен жардам берет” деген Жапаров.

30-сентябрга карата өлкөнүн карызы 4 миллиард 826 миллион доллар, анын ичинен тышкы карызы 4 миллиард 171 миллион долларды түзгөн.