Кечээ, 19-июнда эртең менен Жалал-Абад шаарындагы «Береке» базарынан өрт чыккан. Кийинчерээк интернетте кишилердин өрт өчүрүүчүлөргө асылып, эки жаат болуп урушуп жаткан видеосу тараган.
ӨКМ маалымат таратып, кырсык учурунда өрт өчүрүүчүлөр өрттү толук өчүрүшкөнүн, бирок айрым адамдар тарабынан күч колдонулган учурлар өкүндүрөрүн билдиришти. «Мындай аракеттер мыйзамсыз деп кабылдайбыз. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдар такталууда. Коомдук тартипти бузган учурлар боюнча тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Куткаруучулар эл үчүн кызмат кылган адамдар. Аларга сый-урмат көрсөтүү ар бирибиздин милдет. Коопсуздук жалпы жоопкерчилик»,- деп айтылат ӨКМ тараткан маалыматта.
Милиция фактыны каттоого алып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган. Милицияга жеткирилген үч киши коомчулук менен куткаруучулардан кечирим сурап, кырдаалды туура эмес түшүнүп калышканын айтышкан.