Бүгүн, 19-июнда Жалал-Абад шаарындагы Байзаков проспектисинде жайгашкан «Береке» базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 09:15да Жалал-Абад шаардык №20 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм тартылды.
Кошумча саат 09:28де Жалал-Абад дагы 2 бөлүм, жалпы 4 күжүрмөн эсеп өрт өчүрүүгө чыгышты. Ошондой эле Тез жардам кызматынан 1 бригада жана ИИМден кызматкерлер тартылды.