«Учак менен Бишкекке жеткирилип жатат». Чек арадагы атышууда жарадар болгон кыргызстандыктардын саны 122ге жетти

17-сентябрь саат 16:00гө карата саламаттыкты сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 122ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Учурда Баткенден жабыркагандардын айрымдары атайын учактар менен Бишкектеги саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилип жатат, такталгандан кийин кошумча маалымат берилет.