«7 балам бар. 2 жолу боюмдан түшүп калган болбосо, 9 балам болуп калмак экен» дейт 40 жаштагы келин

SUPERTV бул жолу көп балалуу жардамга муктаж үй-бүлөнүн жашоосун чагылдырабыз. Каарманыбыз “Үйүбүз жок болсо да, 7 балабыз менен байбыз” дейт. Учурда шарты начар батирде жашап, күнүмдүк тамак-ашына араң акча таап келгенин айткан каарманыбыз тагдырын баяндады.

«Жолдошум экөөбүз айылда таанышканбыз. Жактырып, ала качып кеткен. Мен отуруп калгам. Ошондон бери жашап келе жатабыз. 7 балабыз бар. Баары эле «эже бул сиздин канчанчы жолдошуңуз» деп сурашат. Мен ушул жолдошум менен жашап келе жатам. Учурда көп бала менен батирге чыкканга да үй ээлери макул болушпайт экен. Ушул батирде күн кечиребиз. Азыр 4 балам мектепте окуйт. Дагы бирөөсү быйыл барайын деп турат. Мурда 2 жолу боюмдан түшүп калган. 9 болуп калышмак экен. Жетөөнүн буйруганына сүйүнүп отурам. Балдарым аман-эсен, 12 мүчөсү толук, ден соолуктары жакшы. Кыздарымдан үмүтүм чоң. «Үйдү биз алып беребиз» дешет», — дейт ал.