Уй эти 370-380 сом, 10 жумуртка 85 сом, өсүмдүк майы 108-115 сом… Ушундай дүң баа коюлган жарманкелер ачылат

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков ушул аптада Бишкекте жарманкелер иштеп баштай турганын билдирди. Шаардын эки түйүнүндө, тактап айтканда, Токомбаев көчөсүндөгү «Globus» жана Горький көчөсүндөгү «Фрунзе» соода тармагынын аймагында күнүмдүк керектелүүчү продуктулар дүң баа боюнча сатыкка коюлуп, белгиленген баалар орнотулат.

«Уй эти 370-380 сомдон, он жумуртка 85 сомдон ашык эмес, өсүмдүк майынын баасы 108 сомдон 115 сомго чейин сатылат. Бааларды фиксациялоо үчүн ар бир облустун жетекчиси өндүрүүчүлөр менен продукцияны дүң баа боюнча сатууну камсыздоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү маанилүү. Оңдуу натыйжа берген учурда, мындай павильондор ар бир региондо ачылат.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында ар дем алыш күндөрү айыл чарба продукциясынын жарманкесинин өткөрүлүшүн камсыздоо зарыл. Шаардыктар бул жарманкелерде товарлар кандай баа боюнча коюларын алдын-ала билиши керек», —  деди Артем Новиков.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди:

— Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине Орусия менен 400 миң тонна буудай ташып келүү боюнча меморандум түзүү жана аны ишке ашыруу жана завод-өндүрүүчүлөрдөн түз жеткирүү үчүн меморандумду өсүмдүк майы жана башка продуктуларга жайылтуу маселесин иштеп чыгуусу;

— Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы жана Салык кызматы менен биргеликте күндөлүк колдонуучу продуктуларды ташууну камсыздоону мониторингдөө үчүн убактылуу пост уюштуруусу;

— Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жана өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө социалдык маанидеги товарларга күнүмдүк мониторинг жана талдоо жүргүзүп, өзгөрүүлөр орун алган учурда чара көрүүсү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга маалымдоосу;

— Бишкек шаарынын мэриясына муниципалдык павильондордо сатылуучу социалдык маанидеги товарлардын тизмесине (май, жумуртка, ун, эт, анын ичинде канаттуу эти) дүң баа боюнча киргизүүсү тапшырылды.