Кыргыз өлкөсүндөгү эттин баасы Казакстандан малды чыгарууга чектөө киргизилгенине байланыштуу кымбаттап кеткен. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги маалымат таратты.
Казакстанга келсек, Өзбекстанга өтө көп санда уй чыгарыла баштаганы үчүн бийлиги тарабынан тыюу салынган. Өзбекстанда мал чарбачылыгын калыбына келтирүү боюнча программа кабыл алынып, фермерлерге уй сатып алууга арзан кредит берилүүдө. Казакстан тыюу салып койгондон кийин Өзбекстан жана Тажикстан тараптан Кыргыз өлкөсүнөн малды массалык түрдө сатып алуу башталган.
Жылдын башында кой этинин килограммы орточо 310 сом болсо, декабрда бул баа 410 сомду түзүп калды Уй этине келсек, жылдын башында килограммы 320-330 сом болсо, азыр 410 сомдун тегерегинде.