УКМК «Дед Хасан», «Равшан тентек», «Голова» жана «Илюха» кылмыштуу топтон баш тартканын билдирди

УКМК уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча активдүү иш алып барууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

23-сентябрда ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды, ошондой эле баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош облусунун Ноокат районундагы Герей-Шорон айылынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарынын «положенеци» деп аталган 1980-жылы туулган Гүлжигит Малабаев кармалган. Ал 2019-жылдан бери Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын каттоосунда турган. Бүгүнкү күндө ал Ош шаарындагы №25-мекемеде кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Октябрь айынын башында төмөндөгү адамдарга карата ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жана кылмыштуу топторго катыштыгы бар экендигинен баш тартуулары боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү:

1. 1964-жылы туулган Ажибаев Ильяскожо Рахманбердиевич, Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында туулган, улуту кыргыз, «Хасан ата жана прокурор» деген ат менен белгилүү;

2. 1967-жылы туулган Абдырахманов Равшанбек Орозбаевич, Баткен шаарынын тургуну, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 2013-жылдан бери Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган. «Равшан тентек» деген ат менен белгилүү;

3. 1973-жылы туулган Рахманкулов Асланбек Маматбекович, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, улуту кыргыз, 2015-жылдан бери Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. «Голова» деген каймана ат менен белгилүү;

4. 1983-жылы туулган Саидбаев Ильяз Мамединович, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары 2010-жылдан бери Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам каттоосунда турган. «Илюха» каймана аты менен белгилүү.