УКМК кармаган Мирлан Ураимовдун тарапташтары митингге чыкты

Бүгүн, 9-февралда УКМКнын алдында кечээ кармалып, камакка алынган Мирлан Ураимовдун тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Алар анын негизсиз кармалганын, тагыраагы комментарий үчүн кармашканын, ошол эле учурда жаран өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу экенин айтышты. 

Кечээ, 8-февралда кечинде «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду кармап кетишкен. Ал эми бүгүн, 9-февралда УКМК маалымат таратып, ал бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелип жатканын билдиришти. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров «Түндө барып, бала-чакасын коркутуп, ыркыратып-чыркыратып, кыйнагандын эмне кажети бар? Ураимов бир жакка качып кетеби? Же ал террористпи?» деди.