УКМК: «Келдибеков БШКга ал тарабынан айтылган версиялардын туура эмес экендигине ынанды»

Парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын туура эмес көрсөткөндүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ахматбек Келдибеков сурак берди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ахматбек Келдибековдун видеосу интернетке жарыяланганын, анда ал Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын техникалык жабдылышынын ачык-айкындуулугуна шек келтиргенин билдирди.

Буга байланыштуу тиешелүү кылмыш ишинин алкагында, Ахматбек Келдибеков, санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев жана БШКнын башкармалыгынын башчысы иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн суракка чакырылган. «Ошону менен бирге эле Ахматбек Келдибеков менен парламенттик шайлоодо БШК тарабынан мыйзам бузуулар болгон деген ырасталбаган божомолдорду ачык талкуулоо үчүн аянтча түзүлдү. БШКнын компетенттүү кызматкерлери келтирген төгүндөлгүс далилдердин жана жүйөлүү аргументтердин натыйжасында, Келдибеков Борбордук шайлоо комиссиясына койгон айыптарынын негизсиздигине жана ал тарабынан айтылган версиялардын туура эмес экендигине жеке ынанды», — деп айтылат маалыматта.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, анын жыйынтыгы өз убагында коомчулукка маалымдалары да айтылды.