УКМК Мурат Суталиновго эскертүү берди

УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновго УКМК эскертүү берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.

Суталиновдун айтымында, УКМКнын кызматкери ага Украинаны колдоо максатында социалдык тармактарда маалымат таратканы үчүн расмий эскертүү берип, коё берген.

Ал буга чейин УКМКга «сүйлөшүүгө» чакырылганын айткан.

Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча башкы фигурант катары өткөндөрдүн бири болгон. «Кыргызстандагы кылым соту» аталган бул иш учурунда ал бөйрөгүн алдырып (рактын 3-стадиясы), химиотерапия алып жаткан. Февраль айында Ленин райондук соту аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан болчу. 2019-жылы эркиндикке чыккан.