УКМКнын Ала-Бука райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду (сүрөт)

УКМКнын Ала-Бука райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын Ала-Бука райондук бөлүмү үчүн курулган жаңы, заманбап имараттын ачылыш аземи кечээ, 6-октябрда болуп өттү. Ага атайын кызматтын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, комиттетин жергиликтүү өздүк курамы жана ардагерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Ачылыш аземинде Камчыбек Ташиев атайын кызмат мындан ары да уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы иш-аракеттерди активдүү улантаарын белгиледи. Ала-Бука району мамлекеттик чек арага жакын аймак экенин эске салган төрага кызматкерлерден контрабандага толугу менен бөгөт коюу талап кылынарын баса белгиледи. Коопсуздук комитетинин аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлерге жетиштүү шарттарды түзүп берүү аракеттери мындан ары да улантыларын кошумчалады.