УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү (сүрөт)

УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Кара-Көл шаардык бөлүмү үчүн жаңы имарат курулду. Анда кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдыктар жана шарттары менен эс алуу бөлмөсү, атайын унаа токтоочу жайлары да каралган.

Жаңы имараттын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары өздүк курамы менен ардагерлер жана Кара-Көл шаардык бийлик өкүлдөрү катышты. Аземде Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, зарыл болгон учурларга токтолду. Анын ичинде өлкөдө жүрүп жаткан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү, андагы мыйзамдуулуктун сакталышы, бардык тараптарга бирдей мыйзамдуу шарттардын түзүлүшү жана мамлкеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарылдыгы баса белгиленди.