УКМКнын кезектеги жаңы имараты Таласта ачылып, кызыл тасмасын Ташиев кести

Кечээ, 15-декабрда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.
Жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган. Ташиев кызматкерлерди куттуктап, Кыргызстандын бардык облус, райондору боюнча УКМК кызматкерлерине шарттар түзүлүп жатканын, кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эскертти.