УКМКнын кызматкерлери Бишкектин аткаминерлерине коррупция боюнча мыйзамды түшүндүрдү. Жыйында «Коррупция» боюнча мыйзамга кирген өзгөртүүлөр жөнүндө сөз болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Бүгүн, 10-январда Бишкек шаарынын мэриясынын, райондук администрациялардын, муниципалдык ишканалардын, орто билим берүү мектептеринин жана ооруканалардын башчыларынын катышуусунда кеңешме өткөрүлдү. Жыйынга жалпы 250дөн ашуун катышуучу чогулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө коррупциялык фактылар, козголгон кылмыш иштери жана сотко тартылган адамдар боюнча акыркы 4 жылдагы статистикалык маалыматтар берилди.
«Коррупциялык иштин фактылары аныкталган учурда тиешеси бар адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолгон адамга өмүр бою белгилүү бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө тыюу салынып, күнөөлүү адамга карата эркиндигинен ажыратуу түрүндө милдеттүү түрдө жаза берилип, мамлекеттин бюджетине келтирилген зыяндын ордун толук толтурууга тийиш болот», — деп жазылат маалыматта.
Аталган мыйзамга 2024-жылдын 31-декабрында президент Садыр Жапаров кол койгон.