УКМКнын Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнө жаңы имарат курулду

Бүгүн, 9-ноябрь күнү УКМКнын Таш-Көмүр шаардык бөлүмү жаңы имаратка көчтү. Буга чейин эскилиги жеткен имаратта кызмат өтөп келген чекисттер үчүн заманбап үлгүдөгү имарат курулуп берилди.

Ачылуу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Ошондой эле, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилери, өздүк курамы, УКМК ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да аземге күбө болушту. Жаңы имаратта атайын кызматтын кызматкерлери үчүн бардык кызматтык шарттар камсыз кылынды.