УКМКнын төрагасы 6 баланын энесине 3 бөлмөлүү батир белекке берди

Бүгүн, 27-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Каракол шаарынын 51 жаштагы тургуну, 6 баланын энеси Эльза Тюрегелдиевага 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Эльза Тюрегелдиева 6 баланы жалгыз өзү тарбиялап келет. Деген менен өзүнө таандык турак жайы жок, балдары менен батирлеп жашап жүргөн. Андыктан, УКМК төрагасына 2025-жылдын декабрь айынын башында кат жолдоп, көмөк көрсөтүүнү суранган. Жыйынтыгында кыска аралыкта жооп болуп, генерал-полковник Тюрегелдиевага 3 бөлмөлүү бардык шарттары жана тиричилик эмеректери бар батирдин ачкычын жана документтерин, ошондой эле балдарына чакан белектерди тапшырды. Ошондой эле төрага, эне жана балдарына чың ден-соолук, бакубат жашоо, жаркын келечек каалады. Өз кезегинде 6 баланын энеси Камчыбек Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, өз кол өнөрчүлүгү менен жасаган белектерин берди.