Украинада дагы бир Кыргызстанда туулган, 26 жаштагы Рустам Зарифулин каза болду

Украинадагы согуштук аракеттерде дагы бир Кыргызстанда туулган, 26 жаштагы Рустам Зарифулин каза болду. Анын Харьков облусунда 14-мартта курман болгону маалымдалып, сөөгү бүгүн, 26-мартка караган түнү Канттагы аба майданы аркылуу Кара-Балтага алып келинди.

Маркум 1996-жылы Кара-Балтада туулуп, мектепти аяктагандан кийин Орусиянын жарандыгын алып, аталган мамлекеттин армиясында 2016-жылдан бери келишимдик негизде кызмат кылып жүргөн. Соңку жолу ал ушул жылдын январь айында Кыргызстанга келип кеткен.

22-мартта Украинада согуштук аракеттерде 20 жаштагы орусиялык армияда кызмат өтөгөн кыргыз жигит каза болгону маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун жакындары каза болгон жигиттин аты-жөнү Эгемберди Дорбоев экендигин, анын Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алгандыгын, армияга кызмат өтөөгө өткөн жылы кеткенин айтып беришкен. Анын сөөгү Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилди.