Украинада жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок

«Украинадагы кырдаал — абдан оор. Өзгөчө Киев, Харьков, Херсон, Сумы, Чернигов шаарларында кырдаал татаал жана кооптуу». Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Киев шаарынын айланасында кагылышуу жүрүп жатат. Эки тарапта тең жоготуулар болууда. Киевдин үстүндө аскердик тик учактардын учканы көнүмүш болуп калды. Кудайга шүгүр, биздин жарандардын арасында жоготуу же жараат алгандар жок. Биздин элчилик Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, башка өлкөлөрдүн элчиликтери менен биргеликте Польша, Словакия, Румыния, Венгрия аркылуу эвакуация үчүн коридор уюштуруп берип жатат. Молдовага жол ачык, бирок 24-февралдан тартып, Молдованын асманы жабык. Биз Киевдебиз, элчилик Кыргызстандын Украинадагы бардык жарандары менен күнү-түнү байланышта. Күчөтүлгөн режимде иштеп жатабыз. Ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат. Украинадагы Кыргыз жарандары +380997573413 +380442370346 +380442370347 номурлары аркылуу байланышса болот», — деп жазды элчи.