«Укук коргоо органдарынын кыларга иши жокпу?». Экс-депутат Чолпон Жакупова «Кактус» сайтына козголгон кылмыш иштин келечеги жок дейт

«Укук коргоо органдарынын кыларга иши жокпу?». Экс-депутат Чолпон Жакупова «Кактус» сайтына козголгон кылмыш иштин келечеги жок дейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан «Кыргыз Республикасындагы адам укуктарынын жана эркиндигинин абалы: сөз эркиндигин коргоо жана укуктук көзөмөлгө алуу маселелери» деген аталыштагы тегерек столдо катышып жатып билдирди.

«Кактус» сайтынын макаласына карата кылмыш иши козгоо боюнча укук коргоо органдарынын кыларга иши жокпу? Кылмыш ишин козгоп, буга убакыт коротуунун кереги барбы? Мыйзамдан алып караганда, бул иштин такыр келечеги жок», — деди Чолпон Жакупова.

27-январда «Кактус медиа» сайты чек арадагы чырды чагылдырууда Тажикстандын «Asia Plus» басылмасынын жаңжалдын келип чыгуу версиясы жөнүндө чыккан материалын жарыялаган. Аталган сайт ал маалымат боюнча түшүндүрмө тараткан. «Башка басылмадан алынган маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз», — деп жазылган редакциянын түшүндүрмөсүндө. Бул макалага байланыштуу 28-январь күнү «Кактус медиа» сайтынын кеңсесинин алдында митинг өтүп, нааразычылыгын билдирип келген жарандар басылманын жабылышын талап кылышкан. Кийинчерээк Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.