Бишкекте 13 жаштагы кызы зордуктоого шектүүлөрдүн жакындары кыздын ата-энесин коркутуп жатыптыр. Бул тууралуу балдардын укугун коргоочу Назгүл Турдубекова митинг учурунда билдирди.
«13 жаштагы кыздын ата-энеси айтып жатат, күнөөкөр адамдар жана анын жакындары аларды коркутуп, кысым жасап жатыптыр. Кыздын ата-энеси ошонун айынан жашаган үйүн алмаштырганга аргасыз болушту. Мыйзам барбы бизде? Эмнеге ИИМ иш кылбайт? Кайдыгерликтен ушул болуп жатат», — дейт ал.