Укук коргоочу 14 жаштагы кызга баңгизат сайып, колдон колго өткөрүп жүрүшкөнүн, милиция чара көрбөй жатканын айтты

«Оазис Кыргызстан» коомдук фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева социалдык тармактагы баракчасына 14 жаштагы кыздын алданып, сойкулукка туш болгонун апасынын сөзү менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кызга мажбурлап героин сайып жүрүшкөн. «Ар кайсы эркек кишиге берип жүрүшкөн. Арасында чет өлкөлүктөр да бар. Болжолдуу жарым жылдан бери зордукташып, колдон колго өткөрүп келишкен. Бул убакытта кызга венерикалык ооруларды жугузушкан. Тиштерин сындырып, ар кайсы сауна, батирлерде кармап келишкен. Ал эле эмес, кызды видеого тартышып, видеону эл аралык порносайттарга сатып келишкен. Кыздын апасы 2022-жылы Биринчи Май менен Октябрь РИИБге кайрылган, сурак учурунда кыз бардык аттарды атап, сауналарды көрсөтүп берген. Соттук-медициналык экспертиза апасына кыздын колдон колго өтүп зордукталганы тууралуу жыйынтык берген эмес. Аны апасы менчик клиникадан билген. Бүгүнкүгө чейин тергөөчү кыздын апасынын телефонун албайт, эч кандай чара көрбөйт. Ошол эле учурда кыз менен апасына коркутуулар болуп жатат. Кыз тергөө учурунда андан дагы башка жашы жете элек кызда кармалып турганын айткан. Кыз баңгизатка көз каранды болуп калган. Кызды тергөөчүлөр социалдык кызматкер, жактоочу, психологу жок суракка алган», — деп жазып чыкты.

Окуя боюнча милиция азырынча үн ката элек.