Кыргызстанда сот отурумдарын онлайн көрсөтүлө баштаганын Жогорку соттон кабарлашты. Пилоттук долбоор ноябрь-декабрь айларында башталган. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
“Бул ар бир жаранга сот адилеттигинин кандайча иштеп жаткандыгын жеке өзү байкоо мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн маанилүү кадам. Бул ыкма укуктук маданиятты жогорулатууга, сот адилеттигине болгон ишенимди бекемдөөгө жана коомдо укук бузуу фактыларынын алдын алууга жардам берет», — деп жазылат маалыматта.
Бардык сот отурумдарынын видеожазуулары Жогорку соттун YouTube-каналына — «Жогорку сот Верховный суд» (www.youtube.com/@JOGORKU_SOT) жайгаштырылат.
Белгилей кетүүчү жагдай, видеоматериалдар пилоттук режимде даярдалган жана агартуу максатын гана көздөйт. Үчүнчү жактар тарабынан коммерциялык максатта пайдаланууга, ошондой эле автордук укук ээсинин уруксатысыз көчүрүүгө жана таратууга жол берилбейт.