Улан Жолдубаев Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары болуп Улан Жолдубаев дайындалды. Бул тууралуу ЖАКтын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Улан Жолдубаев 25-сентябрь 1987-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында туулган. 2009-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын тергөө криминалистика факультетин аяктаган.