Улан Ниязбеков: «Ротациянын милдеттерин аткарбаган жетекчилер бошотулат»

Бүгүн, 19-июнда ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.
“Жасап жаткан аракеттерге жардам бергендин ордуна түз милдеттерин аткарбаган жана аткарууга чамасы жетпеген айрым жетекчилер араңыздарда бар. Кайсы гана жетекчи болбосун, мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды так аткарууга милдеттүү жана өз ишине жараша жоопкерчилиги каралып, сөзсүз түрдө баа берилет. Бул талапты — айылдык милиция бөлүмүнөн баштап, бардык жетекчилер менен жооптуу кызматкерлерге жеткирип коюңуздар”, — деди ИИМ башчысы.
Улан Ниязбеков ротация ишмердигин токтоосуз улантып, ишмердикти андан ары чыңдоо зарылдыгы тапшырылганын айтып, баарына белгилүү болгондой, ротация ишмердиги белгиленген тартипте улантылып жатканын билдирди.
“Ачыгын айтканда, “жаңы ротация болдум, эч нерсеге жооп бербейм” деген позицияга өтүп алган жетекчилер бар. Милдетин өз убагында так аткарган жетекчилерге сыйлыктар берилет, бирок ишин жөндөй албаган жетекчилер жаңы дайындалганына карабастан ээлеген кызматтарынан бошотулат. Ротациянын башкы принциптери ушундай жана бул талапты эсиңиздерге бекем сактап алыңыздар”, — деп министр ротация маселеси боюнча сөзүн жыйынтыктады.