Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айылындагы Апыз Калматов атындагы орто мектептин спорт залынын ачылыш аземине катышты.
Анда сөз сүйлөгөн эл өкүлү кубанычтуу жаңылык менен айыл тургундарын куттуктап: «Жаңы спорт зал жаштарды сергек жашоого, бекем тартипке жана ийгиликке жетелеген аянтча болсун! Өлкө желегин желбиретүүнү эңсеген максаттуу жаштар ушул спорттук жайдан өсүп жетилсин», — деген тилегин билдирди.
Аталган мектеп алгач ашар жолу менен курулуп, учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун колдоосу менен жаңыланууда. Иш-чаранын жүрүшүндө айылдын өнүгүшүнө жигердүү салым кошуп келе жаткан жашоочуларга Жогорку Кеңештин ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Ал эми депутат Улан Примовго жана төрага Нурланбек Тургунбек уулуна айыл элинин атынан “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылды.