Улукбек Марипов бир тууганын Ноокат районунун акими кызматынан бошотту

Бакытбек Марипов Ноокат районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Улукбек Марипов бул чечим «кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын-алуу үчүн кабыл алынды» деп билдирди.

Белгилей кетсек, Бакытбек Марипов Улукбек Мариповдун бир тууган иниси. Мыйзамдарга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткаруу бийлигинин курамына кирет жана түздөн-түз премьер-министрге баш ийет.

Кечээ, 3-февралда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жаңы премьер-министрдин бир тууган иниси, Ноокат райондук администрация башчысы Бакытбек Мариповго «Агаңыз өкмөт башчылыгына келди. Кызыкчылыктардын кагылышын жаратпаш үчүн акимдик кызматтан кетесизби?» деген суроо менен кайрылган болчу. Бул суроого Бакытбек Марипов: «Мени жаңы премьер эмес, өкмөт башчы болуп турганда Садыр Жапаров бекиткен» деп жооп берген эле.