Улукбек Марипов жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулду азайтууну тапшырды

Премьер-министр Улукбек Марипов жарандарга жол эрежесин бузгандыгы үчүн салынчу айып пулду азайтуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү кризис мындай чечимге түрткү болду.

«Бүгүнкү күндө эл азык-түлүк кризисин баштан кечирип жатат. Аны менен катар күйүүчү май да кымбаттады. Ошондуктан президенттин тапшырмасы менен жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча токтом долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын бердим. Жакынкы күндөрү кодекске тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат», — деди Улукбек Марипов.