Улукбек Марипов жубайы менен бирге коронавируска каршы вакцина алды (видео, сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жубайы менен бирге Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Улукбек Марипов пандемияга каршы күрөштө жалпы эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды вакцина алууга чакырды. «Министрлер кабинети жарандарды коронавируска каршы эмдөө менен камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоодо, бул вирустук илдеттен коргоону үчүн натыйжалуу жана коопсуз ыкма болуп саналат. Жакынкы арада биз чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүздөн кошумча вакцина алууну пландаштыруудабыз», — деди ал.

Буга чейин Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров «коронавируска каршы вакцина албаган кызматкерлерге айлык бербеш керек» деген эле.