Улукбек Марипов: «Кыргызстанда жасалган» деген брендди мындан ары алга сүрөө керек»

Премьер-министр Улукбек Марипов жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы улуттук дүң продукцияны өндүрүүдө, мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин чечүүдө жана өлкөдөгү кичи жана орто бизнестин потенциалын жогорулатууда жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Сиздердин эмгегиңиздерге жараша «Кыргызстанда жасалган» ата мекендик таанымал бренди түзүлгөн, аны мындан ары карай алга сүрөө зарыл. Бүгүнкү күндө текстилдик-тигүү тармагы экспорттук көрсөткүчү жогору ата мекендик экономиканын алдыңкы тармагы болуп саналат. Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу тармак сырьену ташуудагы чектөөлөр жана даяр продукцияга карата суроо-талаптын төмөндөшү сыяктуу бир катар олуттуу көйгөйлөргө дуушар болду. Ошондуктан биз келип чыккан кыйынчылыктарды биргеликте чечүүбүз маанилүү. Биз кичи жана орто бизнес таза кирешесин кыскартып, көмүскөгө кетүүгө мажбур экендигин көрүп турабыз. Ошондуктан жумушчу орундары сакталып, жарандардын эмгектенүүгө мүмкүнчүлүгү болушу үчүн тармактын ишканаларын колдоого алуу керек.  Мындан мурда президент тарабынан бизнести коргоого жана колдоого алууга багытталган жарлыктарга кол коюлган. Бул багыттагы иштер улантылат», — деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр белгилегендей, өкмөт жеңил өнөр жайынын өндүрүштүк потенциалын жана кубаттуулугун кеңейтүүгө, кластерлердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга басым жасоого ниеттенүүдө. Өкмөт башчы мамлекеттик телерадиоканалдарда текстилдик индустрия ишканаларынын ишин кеңири чагылдыруу зарылдыгын баса белгиледи.

Жолугушууда жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү тармактагы учурдагы абал, мамлекеттин колдоосу талап кылынган иштеги көйгөйлөр тууралуу айтып беришти. Улукбек Марипов жеңил өнөр жай тармагындагы ишкана жетекчилерин жакын арада визави менен Казакстан аймагы аркылуу текстилдик продукцияны транспортировкалоо, ошондой эле Кыргызстанга продукцияны темир жол боюнча импорттоо маселеси иштелип чыга тургандыгына ишендирип кетти.