Премьер-министр Улукбек Марипов Каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) ишин жакшыртуу жана санын көбөйтүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
«Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ишине карата аймактардан көптөгөн арыздар жана даттануулар келип түшүүдө. Бир документ үчүн адамдар бир башынан экинчи четине чейин барууга аргасыз болушууда, райондордо документтерди берүүдө борборлоштуруу жок», — деди Марипов.
Белгилей кетсек, жакын арада республикада жаңы бир катар калкты тейлөө борборлору ачылат:
- 1-апрелге чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында;
- 1-апрелге чейин Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында;
- 10-апрелге чейин Бишкек шаарында. Дареги: Жибек Жолу проспектиси 381 («Эльдорадо» соода борборунун мурдагы имараты);
- 20-апрелге чейин Бишкек шаарында универсалдуу сервистик борбор;
- 20-апрелге чейин Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында;
- 1-майга чейин Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айылдык округунда;
- 1-майга чейин Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарында;
- 1-июнга чейин Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарында;
- 1-июлга чейин Ош облусунун Араван районунун борборунда.
Учурда өлкөдө 26 калкты тейлөө борбору иштейт.