Шейшемби, 28.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Улуттук банк өз акчасынын кунун жогорулатты

14:44 27.04.2021
0
Былтыр банк секторунун чыгымдары 13,4 пайызга өстү

Улуттук банктын башкармалыгы кечээ, 26-апрелде, эсептик ченди 5,5тен 6,5 пайызга чейин жогорулатты. Бул тууралуу өлкөнүн башкы банкынын маалымат кызматы билдирди.

Эсептик чен — бул Улуттук банктын коммерциялык банктарга берген насыясынын пайыздык чени. Экономикалык теорияда чен канчалык жогору болсо, коммерциялык мекемелер тарабынан калкка берилген насыялар боюнча пайыздар ошончолук жогору болот же тескерисинче аз болот деп айтылат. Эсептик ченди көбүнчө инфляцияны азайтуу үчүн жогорулатат. Мындай учурда экономиканын өсүү темпи ылдыйлайт.

Улуттук банк коронавируска каршы чектөөлөр жана вакцинация процесси жай жүргүзүлүп жаткандыгы дүйнөлүк экономиканын өсүшүнө тоскоолдук жараткандыгын белгилейт.

«Кыргызстанда экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү тенденциясы байкалды, ал эми ички суроо-талап начар бойдон калууда. Чыныгы эмгек акы 2021-жылдын январь-февраль айларында 5,3 пайызга төмөндөгөн. Өлкөгө сырттан акча которуулардын агымынын өсүшү ички керектөөнүн калыбына келишинин бир фактору болду. 2021-жылдын январь-февраль айларында сырттан келген акчанын көрсөткүчү 6,4 пайызга көбөйгөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандагы инфляция импорт азыктарынын жана күйүүчү майдын баасынын жогорулашынан улам келип чыккандыгы белгиленди. Жылдык мааниде алганда, инфляция 2021-жылдын апрелинде мартка салыштырмалуу 10,2 көрсөткүчтөн азайып, 8,6 пайызды түзгөн.

Азык-түлүк баасынын динамикасына тышкы базарлардагы баанын тездик менен өсүшү жана өндүрүүчү өлкөлөрдө сунуштардын чектелгени сыяктуу факторлор басым кылып жатканы көрсөтүлөт. Бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы дагы жалпы инфляцияга кошумча салым болот.

«Ушул факторлордун бардыгы жылдын аягына чейин Кыргызстанда инфляциянын жогорулашына себеп болууда», — деп белгилейт Улуттук банк.

Жакынкы келечекте тышкы суроо-талаптын акырындык менен калыбына келиши күтүлүүдө. Дүйнөлүк чийки зат базарларындагы баалардын өсүшү жакынкы жылдарда Кыргызстандагы инфляциянын жогорулашына себеп болот.

«Тышкы чөйрөнү жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик ченди 6,5 пайызга чейин жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алды», — деп айтылат билдирүүдө.

Коюм акыркы ирет ушул жылдын февраль айында (5тен 5,5 пайызга) жогорулатылган. Ал эми 2016-жылы 6 пайыздан 8 пайызга чейин жеткен.

Эсептик чен акыркы жолу 2015-жылдын март айында 1 же андан жогору пайызга көтөрүлгөн. Анда ал 8ден 10 пайызга чейин жогорулаган.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гульнура Мамбеталиева

Гульнура Мамбеталиева

Окшош

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:07 28.04.2026
1

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды....

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:15 28.04.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен ушул жылдын 28-30-апрелинде Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбенин Кыргыз Республикасына расмий сапары...

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:45 28.04.2026
0

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин Россия Федерациясына каршы санкцияларынын 20-пакетине Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын киргизилиши, анын ичинде биздин...

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:00 28.04.2026
0

Каттоо 16-май жана 20-май күндөрү саат 13:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында ЖРТ өтө турган борборлордо...

Майрам жана эс алуу күндөрүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын иштеши

Майрам жана эс алуу күндөрүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын иштеши

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:28 28.04.2026
0

1-майдан 10-майга чейин, май майрамдары мезгилинде, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иш алып барат жана жооптуу кызматкерлердин нөөмөтү уюштурулат. Бул...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

1
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

15:07 28.04.2026
Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

10:15 28.04.2026
Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

09:45 28.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү