Улуттук банктын курсу боюнча Кыргызстанда кызматкердин орточо айлык маянасы 224 долларды түздү

Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2021-жылдын январь-апрель айларында (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 18 миң 957 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

2020-жылдын январь-апрель айларына салыштырганда бир кызматкерге эсептелген орточо номиналдык эмгек акы 7 пайызга жогорулады, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептегенде, анын чыныгы көлөмү 2,6 пайызга төмөндөдү. Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курстун негизинде 2021-жылдын январь-апрель айларында бир кызматкердин орточо айлык маянасы 224,1 долларды түздү.