Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси кызматынан бошотулду

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка караганда борбордун жетекчиси кызматына Гүлзат Маймерова дайындалган. Ал буга чейин жетекчинин орун басары болчу.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров 1-апрелге караган түнү каза болгон. Милициянын маалыматына караганда, маркум өзүнүн дарылары менен дал ушул ооруканага барып, укол жана асма укол алгандан кийин көз жумган. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров анафилактикалык шоктон улам каза болгонун билдирген. Кийинчерээк Бишкек ШИИБ анын курч жүрөк-кан тамыр жетишсиздигинен каза болгонун маалымдаган.