«Улуттук энергетикалык холдинг»: «Өлкөдө электр энергияны керектөө чеги киргизилди»

Токтогул суу сактагычындагы сууну жана топтолгон суунун болжолдуу өлчөмүн эсептөөнүн негизинде республиканын бардык аймактарына электр энергияны керектөө чеги киргизилген. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдингден билдиришти.

Алардын айтымында, электр энергияны керектөө эсеби сакталса, энергетикалык жабдуулардын штаттык режимде иштөөсүнө, авариялык кырдаалдарды болтурбоого өбөлгө түзөт, энергетика тутумунун иштөөсүн камсыздайт.

«Энергетика тармагындагы ишти улантуу үчүн азыркы жылытуу мезгилинде эле эмес, кийинки мезгилде да электр энергиянын белгиленген ченемдерине сөзсүз баш ийүүнү талап кылат. Апрель-октябрь айларында электр энергиянын керектөө чеги саатына 530 миллион киловатт же 10,4 пайызга ашып кеткен. Белгиленген ченемдерди сактабоо Токтогул суу сактагычын электр энергия иштеп чыга албай турган абалга жана аймактарга электр энергиянын керектелишин чектөөгө алып келет. Жер-жерлерде түзүлгөн кырдаал, электр энергияны үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу, имараттарды жылытуунун альтернативдүү түрүнө өтүү мүмкүндүгү тууралуу калкка маалымат берүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.