Улуттук госпиталда сабалган дарыгер. Милицияга экинчи тараптан арыз түштү

Улуттук госпиталда бейтаптын тууганы нөөмөттөгү дарыгерге кол салды. Бул тууралуу Медициналык профсоюз уюмунун төрайымы Бермет Барыктабасова билдирди.

Окуя 2023-жылдын 30-декабрына караган түнү болгон. Барыктабасова видеону социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анын айтымында, дарыгер бейтаптын өмүрүнө коркунуч жок жана инсульт жок экенин, сасык тумоо менен ооруганын айткан. Бул жооп бейтаптын тууганына жакпай, чачынан жулуп баштаган

Окуя боюнча редакцияга Биринчи Май РИИБден маалымат беришти. 30-декабрда саат 02:30 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына неврология бөлүмүндө белгисиз жарандардын дарыгерди сабап салганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милицияларга Т.Д. аттуу дарыгер арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен ден соолукка жеңил зыян келтирилгени аныкталган.

Мындан тышкары, 28-январда милицияга жаран кайрылып, андан 100 миң сом талап кылган дарыгерге чара көрүүнү суранган. Учурда жогорудагы фактылар боюнча текшерүү жүрүп жатат.