Умра: Форс-мажордук абал боюнча муфтияттын кайрылуусу

Учурда Жакынкы Чыгышта абал курчуп, умра сапарына уюштурулуп жаткан авиакаттамдар үзгүлтүккө учурап, форс-мажордук абал жаралды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Дал ушул себептүү, төмөнкүлөрдү билдиребиз: «Ушул тапта Мекке, Медина шаарларында кичи ажылыгын өтөп жүргөн мекендештер, сиздер кырдаалды түшүнүү жана сабырдуулук менен кабыл алып, фирмалардын жана умра башчылардын көрсөтмөлөрүнө баш ийип, абалдын жөнгө салынышына жана рейстердин калыбына келишине чейин дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуулук менен күтүүңүздөрдү өтүнөбүз. Бул учурда дүйнөнүн тынчтыгы, үммөттүн биримдиги жана өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн дуба кылууңуздарды күтөбүз.

Ал эми умра сапарына аттанууну көздөп жаткан мекендештер! Абалга байкоо салып, аймактагы кырдаал жөнгө салынган соң гана кичи ажылыкка барууну пландооңуздарды суранабыз».