«Унаада кылган кылыгын калтыра элек окшойт». Интернет колдонуучу таксистке болгон нааразычылыгын жазды

Өзүнүн атын атагысы келбеген социалдык тармактын колдонуучусу такси айдоочуга болгон нааразычылыгын жазып чыкты. Анда эркек кишинин жыныстык мүчөсүн чыгарып, аны кармалаганы жазылат.

«Сүрөттөгү эркек киши жыныстык мүчөсүн чыгарып, аны кармалап бара жаткан экен. Мен аны дароо байкаган жокмун. Артында отуруп, колунун кыймылынан байкап калдым. Мен нес боло түштүм. Мен болочоктогу жолдошума видео жөнөттүм. Ал мага чалып, кайсы жакка жетсе, ошол жакта унааны токтотуусун айтты. Мен унаадан түшүп, болочоктогу жолдошумду күтүп жаттым. Ал келгенде тиги киши четке кага баштады. Видеону көрсөткөн соң, бул эркек кишилердин адаты экенин айта баштады. Ал көзүнө жаш алып, үй-бүлөсү бар экенин, аларды багыш керектигин айтып, арыз жазбоону суранды. Бир айдан кийин аны кезиктирип калдык. Ал бизди таанымаксан болуп койду. Менимче ал унаасында кылган кылыгын калтыра элек окшойт. Азыр болсо, ата-энелер балдарын таксиге салып, окуусуна жөнөтүп жатышат. Кош бойлуу келиндер, өспүрүмдөр такси менен жүрүшөт, мындайды көрүп, алардын психикасы бузулат да»,- дейт ал.