Abank
SerepTV Logo

Унааларын камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтү жылдырылмай болду

Унааларын камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтү жылдырылмай болду
Унааларын милдеттүү түрдө камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтү жылдырылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 26-январдагы жыйында билдирди. “Акылбек Жапаров менен кеңешип, 1-апрелден тарта айып салуунун мөөнөтүн жылдырдык. Президент да ушундай тапшырма берген экен”, - деди ал. Кечээ, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар унааларын камсыздандырбаган айдоочуларга айып салуунун мөөнөтүн жылдырууну сунуштаган. Ал эми төрага Акылбек Жапаров менен жолугарын" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/toraga-nurlanbek-shakiev-akylbek-japarov-menen-jolugaryn-aitty/">жолугарын айткан.