Унааларын камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтү жылдырылмай болду

Унааларын милдеттүү түрдө камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтү жылдырылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 26-январдагы жыйында билдирди.

“Акылбек Жапаров менен кеңешип, 1-апрелден тарта айып салуунун мөөнөтүн жылдырдык. Президент да ушундай тапшырма берген экен”, — деди ал.

Кечээ, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар унааларын камсыздандырбаган айдоочуларга айып салуунун мөөнөтүн жылдырууну сунуштаган. Ал эми төрага Акылбек Жапаров менен жолугарын айткан.