Урмат Самаев Өмүрбек Текебаевге кол салган адамды тааный турганын билдирди

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууга тиешеси бар деген маалыматты четке какты.

Урмат Самаевдин айтымында, ал социалисттердин лидери менен эч качан урушкан эмес, ошондуктан ага карата кастык мамиле жок. «Мен Өмүрбек Текебаев менен ар дайым улуу кесиптешим катары салам айтам. Аны менен эч кандай пикир келишпестик жок. Жергиликтүү кеңештин депутаты Чолпон Сыдыкова айтып жаткан шектүү Ыбыш Эшпаев менин айдоочум да эмес, уулум да эмес (өкүл бала). Жигит үйлөнгөн эмес, ажырашкан да эмес. Ыбыш Эшпаевди мен Токмак шаарынын тургуну катары билем», — деди Урмат Самаев.

Токмок шаарынын мэри Чолпон Сыдыкова аны атайын каралап жатат деп эсептейт. «Бул аялды мен дагы шаардык кеңештин депутаты катары билем. Көрүшкөндө кадимкидей эле баарлашабыз. Менин Өмүрбек Текебаевге кол салууга кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар болушум мүмкүн дегени – бул болбогон сөз», — деди ал.