«Ушундай суукта тосуп алган кыздарга рахмат!». Соцтармакта кайрадан талкуу жүрүп жатат

Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитине кечээ жана бүгүн учуп келген конокторду тосуп алуудагы айрым жагдайлар соцтармакта кайрадан талкуу жаратып жатат. «Манас» аэропортунда ушундай суукта гүл көтөрүп турган кыздарга соцтармактын колдонуучуларынын бир тобу ыраазычылык билдирсе, кээ бирлери мындай жөрөлгөнү токтотуу керектигин жазышууда.

Кечээ, 8-декабрда Беларустун президенти Александр Лукашенкону тосуп алууда кыздардын жеңил кийимчен экенин көрүүгө болот. Бүгүн, 9-декабрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды тосуп алууда кыздардын үстүндө кийген чапаны башкага алмашканын жана колдоруна кол кап кийгенин байкай аласыз.

Бул аралыкта Чүй облусунда кечээ жана бүгүн күндүзгү абанын температурасы -10 градуска чейин суук болуп жатат.