«Уул төрөгөн». Тоңдо милиция кызматкерлери толготуп жаткан аялды төрөтканага алып барышты

Тоңдо милиция кызматкерлери толготуп жаткан аялды төрөтканага алып барышты.

Кажы-Сай айылына кызматтык сапар учурунда милициянын улук лейтенанты Малик Кубанычбек уулу, милициянын лейтенанты Адилет Темирканов жана милициянын ага сержанты Нурсултан Мыктыбек уулу күтүүсүз окуяга туш болушкан.

Тоң РИИБдин кызматкерлери Кажы-Сай айылына бара жаткан жолдун жээгинде токтоп турган унааны көрүшкөн. Жанына барганда унаанын арткы орундугундагы толготуп жаткан кош бойлуу аялды жана анын жанында дүрбөлөңгө түшкөн эркек кишини көрүшкөн. Алар жакынкы төрөт үйүн таба албай жатканын, Түп районунан келген үй-бүлөгө экендигин айтышкан.

Кызматкерлер рация аркалуу жардам чакырып, үй-бүлөнү жакынкы медициналык мекемеге жеткирүүнү чечишкен. Операция ийгиликтүү аяктап, кош бойлуу айым ооруканага жаткырылып, көп өтпөй дени сак уул төрөгөн.