«Уулум 2 жашынан бери ырдайт». Аяз атага жазган каты менен көпчүлүктү ыйлатып жаткан окуучунун апасы менен маек

Учурда социалдык тармактарда  Караколдогу 3-класстын окуучусу Бакдөөлөттүн аяз атага жазган каты көпчүлүктүн көзүнө жаш алдырды. Ал катында өзүнө аяз атадан музыкалык инструмент сурап, ал эми эки бөбөгүнө боёк жана пластилин суранган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Бакдөөлөттүн апасы менен байланышып, уулу тууралуу маалымат алдык. «Уулум 3-класста окуйт. 2 сабагынан «беш» албай калып, «отличник» болбой калды. Жылда эле кат жазууну каалачу, бирок, былтыр дал ушул учурда операция болуп калып, кат жазганга чоло болбой калган. Башымдан шишик алдырткам. Текшерилип туруу керек болчу, азыр ооруканага барбай жүрөм. Уулумдун суранычы менен кат жазганбыз, бирок сенсация болуп, көпчүлүктүн көңүлүн бурдурат деп ойлогон эмесмин. Чалып жардам беребиз дегендер көп болууда. Менин банкта эсебим да жок болуп жатат. Уулум сабактан келгенде банкка барып, эсеп ачтыралы деп жатабыз. Карапайым жашаганыбыздан улам мен өзүмдүн кыяк же ооз комуз алып бергенге шартым жок болуп калды. Уулум 2 жашынан бери ырдайт. Балдарымдын атасы алар кичине кезде эле каза болуп калган. Мен 3 жолу операция болдум. Ушул уулум менин карааным, жардамчым. Баары эле музыкалык мектепке бербейсиңби дешет, мен уулумду Бишкекке жөнөтүп ийсем, мага ким караан болот?» — деди апасы.