«Уулумдун жетим деп жерге берилгени мага катуу тийди». Чек ара жаңжалында каза болгон жоокердин апасы уулун эскерди

Интернетте Баткендеги жаңжалда окко учкан жоокер Эсентур Кубанычбек уулунун томолой жетим экендиги тараган. Маркумдун апасы уулу тууралуу айтып берди. «Уулумдун жетим деп жерге берилгени мага катуу тийди» дейт ал.

Маркумдун апасы Кундуз Турдакунованын айтымында, ал уулун аскердик окуу жайга өткөрүү үчүн аны томолой жетип деген маалымкат жаздырышкан.

«Уулум 1991-жылы 22-январда ооруканага жетпей калып, үйдө төрөлдү. Өзү бир башкача бала болчу. 9 айында басты. Атасы 29 жашында Ат-Башы сайындагы сууну трактор менен кечип өтөм деп агып кеткен. Сөөгү бир күндөн кийин табылган. Уулум Эсентур 8-классты бүткөндөн кийин «аскердик окуу жайында окуйм» деди. Ошондо кайын энем балдарды менден алып калып, мени иште деп жөнөттү. Иштеп жүрүп, 5 жылдан кийин турмушка чыктым. Уулумдун минтип көз жумары үч уктасам түшүмө кирген эмес. Аны майрам сууга алып, жерге берерде ата-энеси жок деди. Мен ызаландым», — дейт эне.

Видеону ушул шилтемени басып өтүп көрө аласыз.