«Узундугу 84 метр…» Дүйнөдөгү эң чоң учак Кыргызстанга конду

Дүйнөдөгү эң чоң деп аталган Ан-225 «Мрия» учагы 28-ноябрда эл аралык «Манас» аэропортуна конду. Бул тууралуу аталган аэропоттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын узундугу 84 метр, бийиктиги 18,2 метр жана жайылган канаты 88,4 метрди түзгөн чоң аба кемесин дүйнөнүн бардык аэропорттору кабыл ала албайт. «Мрия» Кыргызстанга үчүнчү жолу учуп келди. Буга чейин ал 2013 жана 2018-жылдары учуп келген.

Ан-225 «Мрия» — дүйнөлүк авиациянын тарыхындагы эң чоң жана жүк көтөрүүчү учак жалгыз гана нускада бар. Авиация майы менен толук толтурулганда 15 миң чакырымдан ашык аралыкты басып өтө алат. Учак СССРде жалгыз гана нускада Киев механикалык заводунда 1984-1988-жылдары долбоорлонгон жана жасалган. Учак биринчи жолу 1988-жылы 21-декабрда учкан. Ан-225 учагын курулушуна көп жолу колдонулуучу «Буран» космостук кеме долбоору үчүн аба транспорт системасын түзүү зарылчылыгы себеп болгон.