Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүктөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Ош облусунун Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, аталган окуя 22-апрелде Мурдаш айылындагы А.Жээнбеков атындагы №34 жалпы билим берүүчү орто мектебинде катталган. Министрлик тарабынан Алай райондук билим берүү бөлүмүнө бул окуя боюнча комиссия түзүп, текшерүү иштерин жүргүзүү жана ыкчам тиешелүү чара көрүү тапшырмасы берилген. Териштирүү учурунда 21-апрелде (кечки саат 20:00-21:00 чамасында) 9-10-класстын окуучулары айыл сыртында пикир келишпестиктерин чечүү максатында жолугушуу уюштурууну көздөшкөнү аныкталган. Мугалимдер бул тууралуу маалымат алгандан кийин окуучуларды өз учурунда үйлөрүнө таркатууга жетишишкен.
Таркатуу учурунда мугалимдер окуучуларды колдорунан тартып, түртүп жиберишкендиктен, 22-апрелде ата-энелер окуучулардын булчуң эттери ооруп жатканын айтып мугалимдерге нааразычылыгын билдирип келишкен. Натыйжада ата-энелер менен мугалимдердин ортосунда пикир келишпестиктер орун алган. Текшерүү иштери мугалимдердин жана 9-10-класстын окуучуларынын ата-энелеринин катышуусунда жүргүзүлгөн.
Териштирүүнүн жыйынтыгында аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Б.Р., тарбия иштери боюнча директордун орун басары Б.А. жана мугалим К.у.Р.га «сөгүш» тартиптик жазасы берилди. Республиканын бардык аймактарындагы жалпы билим берүү мектептеринде зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.